ТҮРК МАДАНИЯТЫНДА КОШОКТОР ЖАНА КОШОКТОРДУН КООМДОГУ ФУНКЦИЯЛАРЫ -Кыргызстан мисалында-

Ар бир коомдо өлүм сыяктуу маанилүү коомдук окуялардын арасында ар кандай ырым-жырымдар бар. Түрк элдеринин мындай ырым-жырымдарынын сап башында “кошок, кошук” турат. Кошоктор өлүмгө карата сый жана урмат катары, каада-салт жана үрп-адаттарга ылайык муңдуу үн менен коштолот. VI-VII кылымдардан калган, мүрзөлөрдүн башына коюлган эстеликтердин, балбал таштардын бетиндеги жазууларды Орхон-Энесай жазуулары деп билебиз. Бул эстеликтердеги жазуулар маданиятыбыздагы кошок кошуу салтынын алгачкы конкреттүү мисалы болуп эсептелет. Азыркы күндө да эстеликтерге курман болгон адам тууралуу жазылган маалыматтар, ага арналган ырлар аталган салттык көрүнүш катары кабыл алынат. Бирок бул каада-салтты түрк маданияты жагынан алып караганда социалдык мааниси чоң. Себеби бул каада-салттар түрк коомчулугунун ынтымагын бекемдеген ырым-жырымдар болуп эсептелишет.        Аталган эмгегибизде түрк дүйнөсүндөгү “кошок, кошук” сөзүнө көз чаптырып, андан кийин кошокторго болгон көз-караш фольклордук жактан бааланып, кошокторду түзгөн мотивдерге токтолуп өттүк. Ошондой эле, кошоктордун түрк элдериндеги коомдук функциясы жөнүндө да сөз салдык. Андан кийин кыргыз түрктөрүнүн жаназалары, жаназалардагы аял жана эркектин орду менен каерде, кандай максатта, кандай түрдө жана ким тарабынан кошок кошулганын салыштырмалуу мисалдар менен ачып көрсөттүк. 

___

  • Акматалиев, А. - Егембердиева С. (1998). Кошоктор. “Эл адабияты” сериясы. 21 том. Б.
  • Жумагулов, Ч. (1982). Орхон-Енисей текстери. Илим, Ф.
  • Манас Эпос. (1959) 1-часть. 2-книга. Ф.
  • Алдосова, П. (2009). Сузак району, Жалал-Абад областы (Автордун талаа материалдары).
  • Нарбаева, С. (2003). Аксы району, Жалал-Абад областы (Автордун талаа материалдары).
  • Хасанова, А. (2003). Аксы району, Жалал-Абад областы (Автордун талаа материалдары).