Кыргыз Тилинде (“Манас” Эпосунда) Тактооч Жасоочу /+Дайын/ - /+Ын/ Мүчөсү

“Манас” эпосунда жана айрым чыгармаларда азыркы кыргыз тилинде активдүү колдонулбаган жана грамматикага арналган эмгектерде каралбаган /+дайын/ мүчөсү бар. Бул мүчө бир нерсенин кыймыл-аркетин, жүрүм-турумун экинчи бир нерсенин кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна салыштырып көрсөткөн, алардын окшош экендигин белгилеген сын-сыпат тактооч сөздөрдү жасайт. Мисалы, “Манас” эпосунда “Камандайын чалышып” сүйлөмүндө каман зат атоочуна жалганган /+дайын/ мүчөсү камандай болуп деген маани берген камандайын тактооч сөзүн жасаган.
Anahtar Kelimeler:

“Манас” эпосу

___

  • Акматалиев, A. ж.б. (2015). Кыргыз тилинин жазма грамматикасы, азыркы кыргыз адабий тили. Бишкек: «Аврасия Пресс».
  • Кононов, А. Н. (1980). Грамматика языка тюркских руничeских памятников (VII–IX вв.). – Лeнинград.
  • Кудайбeргeнов, С. ж.б. (1980). Кыргыз адабий тилинин грамматикасы, I бөлүм, фонeтика жана морфология. Фрунзe: Илим.
  • Манас: баатырдык эпос (С. Орозбаков), III китеп, (даяр: Мусаев Самар ж.б.). – Бишкек: Кыргыз улуттук илимдер академиясы, 1995.
  • Манас: баатырдык эпос (С. Орозбаков), V китеп, (даяр: Мусаев Самар жана Медералиева, Ж.). – Бишкек: Кыргыз улуттук илимдер академиясы, 2006.
  • Манас: баатырдык эпос (С. Орозбаков), VIII жана IX китептер, (даяр: Мусаев Самар ж.б.). – Бишкек: Кыргыз улуттук илимдер академиясы, 2014.
  • Tekin, T. (2008). Orhon Yazıtları. 3.baskı, Ankara: TDK yay.
  • Усеев, Н. (2019). “Манас” эпосу жана Орхон-Энесай жазма эстеликтери I: тилдик окшоштуктар менен каармандар параллели. Бишкек: КР Президентине караштуу Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы.