УН ӨНДҮРҮШҮНӨ МИКРОБИОЛОГИЯЛЫК КОНТРОЛЬ: МИКОТОКСИНДЕРДИ БӨЛҮП ЧЫГАРГАН МИКРООРГАНИЗМДЕРДИН ТАРАЛЫШЫ

Микроскоптук түзүлүштөгү козу карындардын белгилүү түрлөрү ылайыктуу шарттарда тамак азыктарында өсүп өнүгүп, кишиге, жаныбарларга жана канаттуларга уу келген метаболиттерди бөлүп чыгарат. Мындай метаболиттермикотоксиндер деген группага бириккен. Микотоксиндерди кармаган тамак азыктарын пайдалануудан келип чыккан уулануулар микотоксикоздор деп аталат. Микотоксиндерди бөлүп чыгаруучу микромицеттердин түрлөрү көбүнчө Aspergillus, Penicillum жана Alternaria уруусунун өкүлдөрү. Микотоксиндерди бөлүп чыгаруучу микромицеттер бул уу заттарды жалаң гана дан өсүмдүктөр өсүп жатканда пайда кылбастан, данды кырманда сактоо мезгилинде дагы улантышы мүмкүн {1, 2, 3, 4, 5, 6}. Кыргызстандын шартында микотоксиндерди бөлуп чыгарган микромицеттердин дан өсүмдүктөрүндө таралуусу, зыян алып келүү денгээлдери ушул күнгө чейин атайын илимий негизде изилдене элек.